2025-07-10
Айдаркен сымап комбинатын жандантуу аракеттери көрүлүүдө

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев жана энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев баштаган комиссия Айдаркен сымап комбинатында жумушчу сапар менен болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда лотерея билеттерин электрондоштуруу сунушталууда

"Лотереялар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2021-жылдын 19-апрелинен тарта коомдук талкууга коюлат. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева.
Бишкекте таяк тартыш боюнча республикалык чемпионат өттү

Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстанда сутка ичинде 225 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Бөйрөк оорусу барлар COVID-19га каршы сөзсүз эмделиши керек

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорусу бар адамдар эмне үчүн COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин билдирди.
COVID-19. Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам вакцина алды

Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам “Синофарм” вакцинасын алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.