2024-04-19
Кыргызстандык жөө күлүктөр Казакстандан 7 медаль менен кайтышты
Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү “Гусман Косанов мемориалы” салттуу эл аралык мелдешинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Акыркы маалыматтар: 931 адамдан COVID-19 табылып, 8 бейтап көз жумду
Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирус дагы 931 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары жарыяланды
2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстандын мектеп окуучуларын жалпы республикалык тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктары чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте кафе, караоке, ресторандар кадимки тартипте иштей баштады
Бишкектеги көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Москвада мекендешинен акча опузалап талап кылган 5 кыргызстандык кармалды
Москвада мекендешинен акча опузалап талап кылган беш кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
COVID-19: Ош шаарында бир катар чектөөлөр киргизилиши мүмкүндүгү айтылды
21-июнь күнү Ош шаарынын мэриясында эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу боюнча штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.
ϴзгөн районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди
21-июнда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун ϴзгөн районундагы Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кош-Коргон, Айгыр-Жал, Дөң-Булак, Чынбай, Бабаш уулу, Бахмал, Төлөс жана Янги-Абад айылдарынын жашоочуларына 88 акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди.