AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Аалымдар кеңеши COVID-19га каршы вакцина боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды


27602668567_n.jpg
Фатва толугу менен берилет

بسم الله الرحمن الرحيم

КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин

VII чакырылышынын чечиминин негизинде

COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө төмөнкүдөй фатва чыгарат:

№ 01 ФАТВА

Өткөн жылы COVID-19 пандемиясы канчалаган адамдардын өмүрүн алып кеткендиги бүткүл дүйнө жүзүнө белгилүү. Тилекке каршы акыркы учурларда ооругандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуу маселеси өтө актуалдуу болууда. Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ­- бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат.

Дарыгер адистердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.

Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок.

Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.

Пандемия илдети бүткүл дүйнөнү каптагандыктан жогорудагы фатваны “Эл аралык Фикх Ислам Академиясы” жана “Даруль-ифта мисрия” сыяктуу дүйнөдөгү таанымал уюмдар жана фатва идараларынын чечимдери тастыктайт[1].

والله أعلم بالصواب

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев

14-июль, 2021-жыл

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2