Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл мугалими, коомдук жана мамлекеттик ишмер Мукаш Базаркулов 16-июлда, 86 жашында дүйнөдөн кайтты. Президенттик аппарат маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Маркумдун жакындарына Kereez Media'нын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
Кыргызстан кытай вакцинасын чыгарууну караштырып жатат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 15-июлда Бишкекте "Тынчтык үчүн саясат" Бээжин маданий алмашуу борборунун жетекчиси Шао Чаньчунь менен жолукту. Өкмөттүн басмы сөз кызматы анда тараптар Кыргызстанда коронавируска каршы кытай вакцинасын чыгарган завод куруу жана чөп-чардан жасалган кытай дары-дармегин колдонууну талкуулашты.
Мындан ары облус жетекчилери президентке баш ийет

Президент Садыр Жапаров “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
ДССУ: Дүйнөдө коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну башталды

Дүйнө COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунунун алдында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди.
Акыркы суткада 1334 адамдан COVID-19 табылып, 11 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 334 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Азиз Суракматов 150 миллион сом төлөп абактан чыкты

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал калган каражатты да төлөй турганын билдирди.
Чыңгыз Макешов Жогорку соттун төрайымына калп дедекторунан өтүүнү сунуштады

Бүгүн, 15-июлда парламенттин отурумунда, сот тутумуна байланыштуу мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоодо депутат Ч.Макешов сотторду коомдук башталышта тандоодо жалган детектордук тест өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Жогорку соттун судьясы Нургүл Бакировадан полиграф тестинен өтүүгө өзү даяр экендигин сурады. Жооп катары Н.Бакирова тестирлөөгө даяр экендигин билдирди.






