AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мындан ары облус жетекчилери президентке баш ийет

Президент Садыр Жапаров “Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт.

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат. Облустун социалдык-экономикалык абалына жооп берет.

Жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү боло алат. Анын эки орун басары болот. Алар ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу менен Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Буга чейин облустардын жетекчилери Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлү болуп келген. Кыргызстанда жети облус бар.

Кыргызстан 11 жылдык парламенттик-партиялык башкаруудан кийин быйыл кайрадан президенттик башкарууга кайткан.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2