2025-01-11
Түрмөк
Талиб коркунучу: 77 оогандык кыргыз Тажикстандын аймагына өттү
Кечээ, 13-июль күнү 77 ооганстандык кыргыз Ооганстандан Тажикстандын аймагына өттү. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз борбору билдирди.
Тажик чек арачылары Ооганстадык кыргыздарга Тажикстандын аймагына өтүүсүнө тоскоолдук жараткан эмес.
Маалыматта ооган кыргыздары Ооганстанда күч алып жаткан «Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Тажикстанга өткөнү айтылат. Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон уездинин Андемин кыштагынын тургундары болушат. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял жана 31 бала бар экени айтылууда.
Учурда ооганстандык кыргыздар Тажикстандын Мургаб районунун Андемин жана Чештеб тикелеринин аймагында жайгаштырылган. Алар өздөрү менен кошо 1 миң баш кой-эчки, 300 топоз, 3 төө жана 30 жылкы айдай келген.
Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин чыгара баштагандан тарта Ооганстанда өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда. Аталган кыймыл менен болгон куралдуу кагылыштан улам өкмөттүк аскерлер Тажикстанга качып өткөн учурлар көбөйдү.
Ооганстанда жашаган кыргыздардын Тажикстанга качып киргени тууралуу маалымат алгач ирет чыгып жатат.
Марал