2025-08-01
Тамактануучу жайларды текшерүүгө коюлган мораторий алынды

Кыргызстанда тамак-аш даярдаган жана саткан ишканаларды текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сербияда өтө турган Дүйнө чемпионатына 16 балбан барат

1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинки (U23 ) балбандар арасында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 16 балбан барат. Күрөштүн үч түрүнөн чемпионатка катыша тургандардын тизмесин Кыргыз күрөш федерациясы жарыялады.
Шавкат Мирзиеёв кайрадан Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Либерал-демократиялык партиясынан талапкер Шавкат Мирзиёевге шайлоочулардын 80,1%ы добуш берген. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Зайниддин Низамходжаев билдирди.
Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте тамактан уулангандардын саны 118 адамга жетти

Бишкекте “Империя пиццы” кафе тармактарынан тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров маалымат жыйынында өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгиледи.
Акылбек Жапаров республиканын банкынын жетекчилери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен өткөн бизнес-ланчка катышты.