AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

e98c41a703e65ce17fc0828e4aadb4f7.jpg

Маалыматка ылайык, жер тилкеси Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев көчөсүндөгү, 1 дареги боюнча, «Ата-Түрк» сейил багынын жанынан массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен бөлүнгөн аянттын жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

«Жаштык» дирекциясынын аймагына зал куруунун максатка ылайыктуулугу дирекцияда бассейни бар спорт комплексинин иштеши, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болоору менен негизделет.

Учурда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аялдар күрөшү залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарын иштеп чыгууга киришти. Ал эми залдын курулушуна керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң, аялдар күрөшү залынын куруу иштери башталат.

Алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объекттин курулушунун акыркы сметалык баасы залдын сметалык эсебинен кийин белгилүү болот.

Залдын курулушун Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Объекттин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин залдын имараты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2