2025-08-01
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык 108 адамга берилген

Жогорку Кеңештин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу токтому бүгүн жалпы жыйында каралып, депутаттар колдоп беришти.
Бишкекте Абай Кунанбаевдин, Нур-Султанда Манастын айкели орнотулат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз бөлүмү билдирди.
Кыргыз-герман ишкердик кеңешин түзүү маселеси талкууланды

2021-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия Федералдык жерлериндеги Ардактуу Башкы консулу, профессор Рейнхольд Креммелди жана Кыргыз Республикасынын Шлезвиг-Хольштейн федералдык жериндеги Ардактуу консулу Кристоф Крошкени кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барды

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова балбан кыздардын ысымы ыйгарылган Айсулуу, Айпери, Аймээрим менен көрүштү. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн соцтармагындагы баракчасына билдирүү калтырды.
Кыргызстанда акыркы суткада 103 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Парламенттик шайлоого бюджеттен 592 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Аны өткөрүүгө республикалык бюджеттен жалпы 592 млн 350 миң каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Былтыр парламенттик шайлоого катышкан партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылды

2020-жылдын 4-октябрында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого катышкан партиялардын шайлоо күрөөсү, башкача айтканда, 16 партияга 80 млн сом толугу менен кайтарылып берилди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.