2024-12-31
Жалал-Абадда 25-марттан тарта унаа базары иштеп баштайт
Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык унаа базары ушул бейшемби, 25-марттан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда Европа тасмаларынын онлайн-фестивалы старт алды
Бүгүн, 22-мартта Европа Бирлигинин (ЕБ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салттуу Европа тасмаларынын фестивалы старт алат.
Кытайда Трамптын айкели жасалды
Кытайдын Сямынь шаарынын тургуну АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын айкелин жасады. Бул тууралуу «ABC News» кабар агенттиги билдирди.
Ош шаарында үч күндүк Манас айтуу жыйынтыкталды
21-март күнү Ош шаарында уюштурулган үч күн Манас айтуу жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.
ИСЛАМДА НООРУЗ: ЖАҢЫЛЫШТЫКТАР ЖАНА ТАКТЫКТАР
Нооруз жакындаганда эле коомдогу ача пикирлер күчөп, эл арасында жаатташуу башталат. Мунун себеби, 5-6 жыл илгери айтылган «ким Ноорузду майрамдаса динден чыгат» деген маанидеги сөз экени бышык. Бул темага кайрылуумдун себеби, момун-мусулмандарга так маалымат жеткирүү болуп саналат. Андан сырткары эч бир максат же кызыкчылык жок. Ушул макаладан кийин биздин дарекке жагымсыз кеп-сөздөр айтылып, баштан ылдый жугунду төгүлөрүн сезип турабыз.
Депутат Марат Аманкуловдун мыйзамсыз байыганы аныкталды (сүрөт)
Жогорку Кеңешинин депутаты Аманкулов Марат Аскеровичтин мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды. УКМК аны мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө тастыктаган.
АКШ иммигранттарга жарандык алууга мүмкүнчүлүк берет
АКШ иммигранттарга жарандык жана юридикалык статус берген эки иммиграция мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул мыйзамдар АКШда жашаган 4,4 миллион иммигрантка туруктуу жашоо укугун бериши мүмкүн.