AUCA the best 2

2024-04-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Штаб: Чектөөлөр киргизилбейт, бирок коопсуздук ченемдери күчөтүлөт

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көзкаранды түрдө кабыл алынат.

605ee186d14e9.730x400.jpeg

Ал белгилегендей, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус инфекциясынын өсүү ыктымалдыгына жараша медициналык мекемелердин даярдыгын үзгүлтүксүз негизде мониторингдөөсү зарыл.

«Дүйнө жүзү боюнча коронавирус оорусунун өсүүсү байкалууда, коңшу мамлекеттерде чектөө чаралары киргизилди. Биздин бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарыбыз жарандардын арасында оорунун күч алуусуна толугу менен даяр турушу керек. Мен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык штабдын бир катар маанилүү тапшырмаларын аткаруусу боюнча жетишсиз ишин белгилеп кеким келет. Ведомство биринчи кезекте медициналык мекемелердин медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, суюк кычкылтекти берүү тутумунун иштеши боюнча жабдуу менен камсыздалышы боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти өзгөчө контролдошу керек. Бул талдоо ар бир саламаттык сактоо уюмунун чегинде үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек. Бул сиздердин күнүмдүк ишиңиздер. Сиздерге штаб сөзсүз түрдө бул тапшырмаларды бериши керекпи? Мен ар бир жетекчи жоопкерчилик жөнүндө унутпашын өтүнөм, шалаакы мамиле болбошу керек. Өткөн жылы пандемия күч алган мезгилде кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгарыңыздар!», - деди Артём Новиков.

Ал менчиктен көзкарандысыз түрдө, бардык мекемелерде, жабык жайларда милдеттүү түрдө беткап режими сакталышы тийиштигин белгиледи.

«Биз жарандарды дары-дармек, орундар, медициналык адистер менен камсыздайбыз, бирок ар бир жаран аң-сезимдүү мамиле жасап, санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздашы керек», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине күнүмдүк негизде Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөдөн келип жаткан жарандарды андан ары карай медициналык көзөмөлгө алуу максатында алар боюнча маалымат берип туруу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле ведомствого бир жума ичинде ар бир медициналык мекемени, анын ичинде ФАПтарды дары-дармектер, медициналык адистер жана кычкылтек концентраторлору жана башка жабдуулар, ошондой эле башка өнөкөт оорулар күчөгөн учурда керектүү дары-дармек запасы менен камсыздалышына карата талдоо өткөрүүсү тапшырылды.

30-мартка чейин COVID-19 жайылышынын алдын алуу жана үчүнчү толкунга карата даярдыгы боюнча кадамдык иш-аракеттер планына өзгөртүү киргизүү жана документти штабдын бекитүүсүнө алып кирүү тапшырылды.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 3 күн ичинде дары-дармектердин ар-бир ооруканага жеткирилишин камсыздоо зарыл.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына COVID-19 шектелип кайрылган жактарды көзөмөлгө алууну күчөтүүсү жана зарыл болгон учурда госпиталдаштыруу жана стационарларда дарылоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуусу тапшырылды.

Тармактык кызматтарга зарыл болгон учурда койко-фонддорду ыкчам ачуу үчүн стационарлардын даярдыгын камсыздоо тапшырылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2