2025-07-09
Жакында Россия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина жөнөтөт

Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Штаб: Чектөөлөр киргизилбейт, бирок коопсуздук ченемдери күчөтүлөт

Чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерде санитардык коопсуздук ченемдери күчөтүлөт. Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык кызматтарга берди. Мындан аркы чаралар жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аймактагы эпидемиологиялык абалдын деңгээлинен көзкаранды түрдө кабыл алынат.
"Каркыра" бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.
Талас: Жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди

Таласта жашы жете элек жарандын кыймылсыз мүлккө болгон укуктары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян апрелде отставкага кетет

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян апрелде отставкага кете турганын билдирди. Ал мындай кадамга июнга белгиленген «кезексиз парламенттик шайлоонун өтүшү үчүн» бара турганын белгиледи.
Ташиев: Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин акчасы акталганга чейин иштетет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, 26-мартта журналисттерге берген маалымат жыйында Өзбекстан менен биргеликте курулары айтылып жаткан «Камбар-Ата-1» ГЭСи боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
Башкы прокуратурада шайлоо боюнча онлайн-тренинг өткөрүлдү

Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде прокуратура огандарынын, шайлоо комиссияларынын, ички иштер органдарынын ыйгарым укуктары жана милдеттери» аталышындагы бир күндүк онлайн-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.