2025-05-17
Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экени аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин аяктаганы жөнүндөгү диплому жасалма болуп чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин УКМКга берген жообунда айтылат.
Акшумкарлар Мьянманы 8:1 эсебинде жеңди

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 11-июнда өткөн Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде «ак шумкарлар» атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
ИДП көлөмү 215 млрд сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,6%га аз

Кыргызстанда 2021-жылы январь-май айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 215 млрд сомду түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Кечээ, 10-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Афганистан элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда 5 айда инфляциянын деңгээли 4,8%ды түздү

2021-жылы январь-майда (2020-жылдын декабрь айынан бери салыштырганда) керектөө баалары жана тарифтер (инфляция) жалпы республика боюнча 4,8%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттеги маалымат жыйынында статистикалык маалыматты жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Мыйзамсыз баюу. УКМК Түштүк-Батыш бажысынын башчысын кармады

КР Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.