2025-01-11
ИИМдин кызматкерлери балдарды майрамы менен куттукташты
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев Красная-Речка айылында жайгашкан балдар интернатына жана Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесине барып, өспүрүмдөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктап келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкекте маршруттук таксилер каттамга чыккан жок
Бишкекте маршруттук таксилер тарифти көтөрүү талабы менен иш таштады. Маршруттар каттамга чыгышкан жок.
Бишкектеги 6-кичирайондо жаңы сквер ачылды
Кечээ, 1-июнда 6-кичирайондо Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер ачылды.
Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды
Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Чечим 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында маалымдалат.
Бишкекте көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты
Бишкек шаарында жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Президент балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.
Руслан Казакбаев Тажикстандын элчисин кабыл алды
Бүгүн, 31-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды.