Түрмөк
Калптын казаны кайнабайт. Генерал Сүйүн Өмүрзаковдун таржымалы таза
Акыркы учурларда тилекке каршы ак жеринен бирөөнү каралоо, орунсуз эле ар кимге күнөө артуу кадимки эле көрүнүшкө айланып баратат. Ушул сыяктуу акылга сыйгыс каралоо Сүйүн Өмүрзаков жана кээ бир элге таанылып калган адамдарга карата жасалды. Бирок, бул нерсенин жалган экенин көпчүлүк эл сезип, туюп эле турат.

"Азия Ньюс" гезити өзүнүн санында Сүйүн Өмүрзаковга карата жасалып жаткан каралоолорго "ГЕНЕРАЛ СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВДУ “ЖӨӨ ЖОМОКТОР” АКСАТА АЛБАЙТ" аталышындагы макала жарыялады. Төмөндө гезитке жарыяланан жазуу:
Соңку убакта айрым интернет сайттардан, соцтармактардан ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковду жамандоого алган материалдар жарыяланды. Аларды чечмелөө же талдоо акылга сыйбайт. Тек гана кара пиар... Он жылдан ашык убакыттан бери Сүйүн Өмүрзаковдун мамлекеттин коопсуздугуна, тартипке, милициянын аброюна кошкон салымы чоң. Ар дайым ишмердигин жогорку профессионалдуулукта тыкан аткарганын өздүк курамдагылар айтып келишет. Бул жагынан шек саноого мүмкүн эмес. Түз жүргөн адам жогорку жактагы айрым интригандарга жакпай калышы турган иш. Анан калса, генерал Сүйүн Өмүрзаковдун милициядагы кадыр-баркы, Оштогу электораты айрым саясый күчтөрдү чочулатышы ыктымал. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, каарманыбыз күздөгү парламенттик шайлоого катышууга бел байлап, ошон үчүн алдын ала корккондор ыксыз каралоо кампаниясын баштап жиберишти окшойт. Таза, аброю жогору генералды “жөө жомоктор” аксата албаса керек, тескерисинче, чыйралта турганы бышык.
"Азия Ньюс" гезити жазгандай, таза, аброю жогору генералды “жөө жомоктор” аксата албаса керек, тескерисинче, чыйралта турганы бышык.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров да өзүнө карата каралоолордун орунсуз экенин белгилеген кайрылуу жарыялады.
Төмөндө эл өкүлүнүн кайрылуусу:






