Ташиев: Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок

Азыркы учурда Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековго карата бир дагы кылмыш иши жок. Бул тууралуу брифингде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ташиев: Орхан Инандыны кыргыздын жараны менен салыштырбагыла

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев соңку күндөрдө орун алган окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Ага Орхан Инандынын уурдалышы боюнча бир нече суроолор берилди.
Жапаров коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Аламүдүн районунда талаа күйүп жатат

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Заречный айылында талаа күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Орхан Инанды Кыргызстандын да, Түркиянын да паспортторун колдонуп жүргөн

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда абанын жылуулугу +41 градуска чейин ысышы мүмкүн

2021-жылдын 7-июлунан 8-июлуна чейин Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө

Кыргызстандын аймагында “Нелегал-2021” рейди өтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.






