AUCA the best 2

2025-12-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Мектеп

Орхан Инанды Кыргызстандын да, Түркиянын да паспортторун колдонуп жүргөн

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

678684_1.jpg

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыгыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган.

Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан сырткары, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп келген.

2018-жылдан бери Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга учак менен учуп барып келип турган.

Жогорудагылардын негизинде Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демек ал Түркиянын жараны болуп эсептелет.

Андан сырткары, 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүүдө.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын жараны Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2