AUCA the best 2

2024-04-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Китеп окуу маданияты

XXI кылым – технологиянын заманы. Ага ылайык, баалуулуктар да өзгөрдү. Технология жаштардын көз карашына, дүйнө таанымына таасир этти.

Азыр китеп колтуктаган кишилерди сейрек кездештирип калдык. Буга дүйнөлүк желенин тиешеси чоң. Көпчүлүк керектүү маалыматты интернеттен алууну ылайык көрүшөт. Маалыматтык заманда жашап, өсүп келе жаткан муун китеп окуу ырахатын сезбей калабы деген коркунуч да болду. 

Китеп жөнүндө эмне деп айтсак болот? Эч нерсе. Анткени, китепти окуп чыкмайын бир нерсе айтуу кыйын. Азыр көпчүлүк жаштар социалдык тармактардагы кооз цитаталардан башка эч нерсе окубай деле калышты. 

Бирок, акыркы күндөрү китеп окуу маданиятын калыптандырууга аракет күчөдү. Жер-жерлерде чакан китепканалар ачылып, түрдүү акциялар жүрүп, Бишкектеги Борбордук аянтта улан-кыздар китеп окуу жөрөлгөсүн башташты. Бул албетте кубанта турган көрүнүш. 

Китеп – жан дүйнөңдү байытып, сөз казынаңды толтуруп, турмушуңа сабак болуп, жашооңдогу боштуктарды толуктоочу курал. Бир китептин ичинде канча дүйнө жатат. 

Жаңы китеп сатып алганда өзгөчө толкунданам.Үйгө жеткенче шашам. Коомдук транспортто баратканда, шашмаланып баш-аягын, ортосун ачып, сүйлөмдөрдү уурданып окуй салам. Китеп окууну негизи мен долбоор катары карап, мезгилге жараша бөлүп алам. Мисалы, 2019-жылы “Кыргыз адабияты” долбоорунун үcтүнөн иштедим. Мында, жалаң кыргыздын чыгаан жазуучуларынын чыгармаларын окуп чыктым. Кийинки жылы орус классикасын жана дүйнөлүк тарыхый көркөм чыгармаларды окууну пландап жатам. 

Китеп биздин жашообузда чоң роль ойнойт. Көркөм чыгармалар жазылбаса, сөз берметтери, жашообузда романтика жана драматизм жок болмок. Жан дүйнөнү дүркүрөткөн сезимдер айтылбай калып кетмек. Жан дүйнөбүз жакырланып, катуу сөздөрдөн өзүбүздү коргой албай, турмуштук кыйынчылыктарды жеңе албай калмакпыз. Китептер бар үчүн, көркөм чыгармаларды окуганыбыз үчүн күн бүркөө болсо да, жан дүйнөбүз жайлуу, тынч. Китептин таасиринен миң кубулуп, кыялданып, фантазиябыз артып, дүйнөбүз түркүн боёкко сүртүлүп, өзгөрүп турабыз. 

Тарыхый окуялар жазылган чыгармаларды окуганда, убакытка баш ийбей каласың. Мындан миң жыл артка барып, ошол доорду өз көзүң менен көрүп келгендейсиң. 

Китеп – бул улуу дөөлөт. Биз турмуштук сабактарды мына ушул дөөлөттөн гана алууга тийишпиз. Китеп адам баласын балалык чактан коштоп жүрөт. Окуу китептеринин жардамы менен айлана-чөйрөнү таанып-билебиз. Көркөм чыгармаларды окуп, жашоону жана жекелигибизди түшүнүп барабыз. Китеп бизге өзгөчө, биз билбеген дүйнөнү ачып берет.

Адамдык сапат тууралуу да өзгөчө бөлүп айта кетпесем болбойт. Китепти көп окуган адам менен аз окуган адамдын айырмасы абдан билинип турат. Мисалы, китепке жакын инсан орду менен сүйлөйт, тарбиясы татыктуу, улуу-кичүүнү сыйлай билет, түшүнүгү терең, көптү билет, катасыз жазат, оюн жеткире түшүндүрө алат, ойлору иреттүү, анча-мынча кыйынчылыктарга сынбайт, негизгиси адамдык сапаты бийик болот. 

Андыктан, китептин үнүн угууга аракет жасайлы. Тарбиябыздагы, билим дегеле, жашообуздагы боштуктарды толуктоодо китептин орду алмаштыргыс. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2