2024-12-27
Түрмөк
Күйөөм 2 жаштагы кызымды уурдап кетти. Милиция издебей жатат
Инстаграм социалдык тармагында @alic.051 деген ник менен катталган жаш эне 2 жаштагы кызын күйөөсү уурдап кеткени тууралуу жазып, коомчулуктан жардам сураган. Анын айтымында, милиция жана башка тиешелүү органдар арызын карабай, бөбөктү издеген жок.
“Мурдагы күйөөм 2 жаштагы кызымды милиция кызматкерлери менен биргеликте уурдап кетип, жашырып жүрөт. Мен социалдык коргоо кызматына, Бишкектин милициясы менен прокуратурага кайрылдым. Бирок, тиешелүү кызматтар арызымды карабай, кызымды издебей жатышат.
Мен кызымдын психологиялык жана эмоционалдык абалына абдан кыжалатмын. Бөбөгүм болгону 2 жашта, ага азыр мен, энеси керекмин.
Мурдагы күйөөм кызыма эч кандай жакшы жашоо шартын түзүп бере албайт. Анткени ал эч жерде иштебейт, психологиялык жактан жабыркаган. Кызым коркунучта.
Бирге жашаган мезгилде мага кол көтөрүп, кызымды жана бүт үй-бүлө мүчөлөрүн коркутчу. Бул маселенин чечилишине коомчулуктан жардам сурайм. Кызыма абдан кыжалат болуп жатам, жардам бериңиздер.
Менде укук коргоо органдарына керек болуучу бардык документтер бар: арыз, денем көгөргөндөгү сүрөттөр, мурдагы күйөөм коркуткан аудио жазуулар.
Менин тагдырым жөнүндө коомчулук кабар таап, жардам берүүңүздөрдү өтүнөм”, - деп жазган жаш эне.