AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Премьер-министр жазгы-талаа жумуштары боюнча бир катар тапшырмаларды койду

Премьер-министр Улукбек Марипов жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында жазгы айдап-себүү иштериндеги эң негизги көйгөйлөр талкууланган.

6027ba7370bf2-thumb.jpg

«Жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыздоо, айыл чарба техникасы жана аны оңдоо маселесин чечип, дизелдик майга баанын өсүшүнө жол бербөө, ирригациялык жана гидротехникалык жайларды даярдоо зарыл. Суунун жетиштүү коруна байланыштуу сугат суу менен маселе жаралбашы керек. Фермерлерди күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен активдүү өз-ара аракеттешүү зарыл», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн белгилүү түрү гана басымдуу болуп, аны сатууда көйгөйлөр жаралбашы үчүн фермерлерге так маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Айыл чарбасында алдыңкы технологияларды активдүү ишке киргизүү маанилүү. Кеп тамчылатып сугаруу, күнөсканалар, жаңы жабдууларды сатып алуу, сугат суу көйгөйлөрүн чечүү, иштетилбей жаткан аянттарды ишке киргизүү тууралуу жүрүүдө. Өткөн жылы республика боюнча 56,6 миң гектар жер иштетилбей калган. Быйылкы жылы биз ал көрсөткүчтү 7 миң га кыскартууга ниеттенип жатабыз», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы маалымдагандай, жазгы-талаа жумуштарына даярдык көрүү алкагында Өкмөт тарабынан айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 млн сом бөлүү чечими кабыл алынган, ал эми 2021-жылдын 15-февралынан тарта «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоору боюнча дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат, ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан рынок баасынан 30%га төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Улукбек Марипов район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.

«Эч ким кабинетинде аракетсиз отура бербеши керек. Акимдер фермерлер менен иш алып барып, рынокто суроо-талап жараткан айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү максатка ылайык экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тийиш. Бардык жоопкерчиликти Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине түртүп салууга болбойт. Жалпыбыздын милдетибиз бирдиктүү – элибизге кызмат кылуу. Мен жазгы талаа жумуштарына даярдыктын жүрүшү менен жеринде таанышуу үчүн аймактарга эскертүүсүз барып, фермерлер менен жолугушуп, алардын көйгөйү жана жергиликтүү бийлик органдары тараптан аларга көрсөтүлүп жаткан көмөгү тууралуу билейин деп жатам», — деди Марипов.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2