AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Ош шаарынын Салиева көчөсү толугу менен оңдолот

Күн мурун, 2-февралда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштүү жетекчилер менен билгеликте Манас-Ата (ХБК) кичи районунда Салиева көчөсүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланысын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын жүрүшү менен таанышты.

145198936_2892462650966277_7875167958107266157_o.730x400.jpg145198936_2892462650966277_7875167958107266157_o.730x400.jpg

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, калаа башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жеринде тиешелүү кызматтардын жана органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкарамылыгынын жана Оштогу жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери Салиева көчөсүнүн Жийделик көчөсү менен кесилишинен Касымбеков көчөсүнө чейинки көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Объектилерди демонтаждоо жана санитардык тазалоо учурунда аткарылып жаткан иштер жөнүндө тургундарга алдын-ала эскертүү берилүүдө. Көпчүлүк тургундар жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен карашып, мыйзамсыз салынган имараттарын бузууга жардам жана колдоо көрсөтүшүүдө.

Айта кетсек, 2021-жылы Салиева көчөсүнө аллея куруу пландаштырылган. Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча иштер жүргүп жатат.

Курулуш иштери башталганга чейин, негизинен кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөр жана бактар ирээтке келтирилүүдө. Планга ылайык, курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Долбоордо тротуарларды, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайкы бетин сырдоо, фонтан куруу каралган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2