2024-12-25
Түрмөк
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси пара талап кылуу боюнча шектелип кармалды
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ири суммадагы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн текшерүү иштеринин алкагында колго түшүрүлдү.
Бүгүн, 30-январда УКМК билдирген маалымат боюнча, шектүү кызмат абалынан пайдалануу менен ири суммадагы акча талап кылган. Ал үчүн жетекчилик кызматтын бирин алып берүүгө жардам бермек.
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Maral