AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жалпы жарандык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы февралда келүүсү күтүлүүдө

Жалпы жарандык биометрикалык паспорттун 100 миң нускадагы биринчи партиясы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) билдирди.

0a98579a-2e7a-4307-83c4-bd5474666fab.jpg.850x445_q82_crop.jpg

Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык, жаңы электрондук паспорт Кыргызстандын жарандарын коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоону камсыз кылат.

Жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот, анын ичинде мукабасында рельефтик сүрөттөр когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат. Ушул жана башка адистештирилген элементтер: суу белгилери, голограммалар, коопсуздук жиптери, заманбап материалдар жана лазердик технологиялар жеке маалыматты колдонуу фальсификация жана терроризм элементтерине каршы учурдун талабы болуп саналат. Жаңы паспорттордун эң маанилүү коргоосу - бул документтин ээсинин бардык маалыматтары жана сүрөтү камтылган электрондук чип. Жаңы технологиялардын өзгөрүшүнө жана коргоонун жаңы элементтеринин киргизилишине байланыштуу жалпы жарандык паспорттор 3-5 жылда бир жолу алмаштырылышы мүмкүн.

Биометрикалык паспортторду ишке киргизүү иштери 2016-жылы башталган.

Биринчи этапта электрондук чип орнотулган ички eID-паспорттор даярдалып, 2017-жылы берилип баштаган. Андан ары Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорттор менен иштөөнү уланткан. Үч жылдын ичинде коомчулук, эксперттер жана алдыңкы дизайнерлер менен консультациялар өткөрүлүп, ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана алардын жаңылары иштелип чыгып киргизилди.

Адепки нускаларды алгандан кийин Кыргызстандын мыкты графикалык дизайнерлеринин бири, белгилүү логотиптердин жана бренддердин автору, эл аралык жарнама жана дизайн фестивалдарында кесипкөйлүк сыйлыктардын ээси жаңы биометрикалык паспорттордун жасалгалоосун баалоо үчүн МККга чакырылды.

Жаңы паспорттун барактарында Кыргызстандын аймактарынын символдору - Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана башка сүрөттөр камтылган.

Учурда паспорттук кризисти болтурбоо үчүн паспорттун бекитилген версиясы чыгарыла баштайт. 2020-жылдын май айында Mühlbauer ID Services (Германия) менен 1,5 миллион бланк чыгарууга 3 жылдык келишим түзүлгөн. 100 миң нускадагы биринчи партия февралдын аягында күтүлүүдө. Келишим сом менен түзүлгөн, андыктан паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүүсүнө көз каранды болбойт.

Андан кийин персоналдаштыруу процесси башталат, МККта аны кылууга жабдуулар бар. Документтин ээсинин жеке маалыматтары жаңы паспорттордун мукабасында жайгашкан электрондук микросхемага киргизилет жана алар лазердик технологиянын жардамы менен басылып чыгат. МКК жаңы электрондук паспортторду эки түрүн берет: чет өлкөлөргө көп чыккан жарандарга 50 барактан турган паспорттор жана 34 барактан турган кадимки паспорттор.

Ал эми "атасынын аты" бөлүмү боюнча, МКК жаңы паспорттордо адамдын атасынын аты бар экендиги жөнүндө коомдук талкууну көзөмөлгө алды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2