2024-12-21
Түрмөк
ИСМАИЛ АТА МЕЧИТИ: Түштүк регионунун өзгөчө архитектурадыгы мечити
Түштүк регионунун эң чоң району болгон Кара суунун борборунда орун алган Кара суу шаардык борбордук "Исмаил Ата" мечити аймактагы эң чоң архитектуралык өзгөчөлүктөгү мечит болуп саналат. Редакциябыз аталган мечит боюнча негизги маалыматтарды топтоду жана аны окурмандардын назарына сунат.
Ош облусуна караштуу Кара суу шаарында жайгашкан Исмаил Ата мечити аймактагы эң чоң жана архитектуралык жактан өзгөчө мечит болуп саналат. Аталган мечиттин курулуш иштери 2016-жылы башталган. Курулуш иштери жалпысынан 4 жылга созулуп, 2020-жылы курулуп бүтүрүлгөн. Мечиттин курулушунун демилгечиси жана демөөрчүсү Исмаил Матраимов атындагы коомдук фонд.
Мечит жер төлөсүн кошкондо үч кабаттуу болуп эсептелет. Мечиттин узуну 35 метр туурасы болсо 30 метрди түзөт. Эки капталында орун алган мунаралардын бийиктиги 57 метр. Мечиттин шыбы кыргызча оймолор менен кооздолгон жана эң жогорусунда Аллахтын 99 аты жазылган. Оймо-чиймелерди жана жазууларды Ташкенттен келген атайын усталар чийген.
Мечиттин борбордук бөлүгүнө илинген шам чырактын оордугу 2,5 тонна. Айланасына күмбөздүн ичине “табарак” сүрөсү толугу менен жазылган. Түшүрүлгөн жазуулар жана чиймелер сары түстө боелгон жана жазуулардын бардыгы алтындын суусу менен жазылган. Дубалдарга да курандагы тандалган аяттар түшүрүлгөн. Мечиттин борбордук эшиктери Ташкент шаарынан атайын буюртма менен алынып келинген. Эшиктер бир жыл бою жасалып, андагы оймолор да колдо түшүрүлгөн. Мечиттин ичинде салынган килем атайын буюртма менен Түркия мамлекетинен алынып келинген. Килемге кыргыз улуттук оймо-чиймелери түшүрүлгөн. Мечиттин ичинде 5000 адам бир убакытта намаз окуй алат. Сыртына да орундарды даярдаса андан да көбүрөөк адам батат. Мечиттин ичине жана сыртына жалпы 7000 миңдей адам батат.
Мечиттин жанында ислам институту жайгашкан. Бул окуу жайда жалпысынан 100 бала жатып окуй алат. Андан сырткары келип кетип окугандар да болот. Институт окууга керктүү болгон акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялыр менен камсыздалган. Бул ислам институтуна Апиза эненин аты берилген.
Ошондой эле мечиттин сол капталында даараткана орун алган. Даараткананын жалпы 74 канасы бар, даарат ала турган суу чыгуучу орундар 130 дун тегерегинде. Башкача айтканда бир эле убакта 130 адам даарат алып чыгып кете алат. Мындан сырткары мечиттин аймагында футболдук аянтча жана спорттук машыгуу залы да салынган.
Кыскача маалыматтар:
Өлкө |
|
Облус |
Ош облусу |
Шаар |
|
Дареги |
Кара суу шаары |
Диний агым |
суннит |
Мечеттин түрү |
Жума-мечити |
Курулуш |
2016—2020-жылдар |
Жалпы аянты |
2 500 м² |
Размерлери |
35х30 м |
Сыйымдуулугу |
5 000 |
Мунуралардын бийиктиги |
57 м |
Мунуралардын саны |
2 |
Мечиттин сырткы көрүнүшү
Мечиттин ички көрүнүшү:
"Апиза Эне" атындагы Ислам институту
Мечиттин дааратканасы
Мечиттин аймагында жайгашкан спорттук аянтча
Мечиттин кечки көрүнүшү
Мечиттин короосунун көрүнүшү
Kereez Media