2024-12-24
Түрмөк
Ишкер Умар Мухаммедов Кытайдын карызын төлөөгө 10 миллион сом берди
Кыргызстандык тышкы карызды төлөө үчүн Финансы министрлиги тарабынан ачылган атайын эсепке 10 млн сом которду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10 миллион сомду Умар Мухаммедов 19-январда которгон. Эскерте кетсек жеке ишкер Адылбек Асанов да буга чейин 1 миллион сом өлчөмүндө каражат которгон.
Ошентип, 20-январга карата тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 11 млн 29 миң 50 сом түшкөн.
ЖМКларда маалымдалгандай, 26 жаштагы Умар Мухаммедов Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургуну. Ишкерлик менен алектенет.