AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Өкмөттө бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бажы инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
 
«Биз Кыргыз Республикасына товарларды ташуу көлөмүн жогорулатуу максатындагы бажы инфраструктурасын куруу жана жабдуу ишинин токтоп туруусуна көз жума албайбыз. Бир жарым ай мурда, жүк ташуулардын көлөмүнүн төмөндөө себептерин караганыбызда, инфраструктураны өркүндөтүү, дезинфекциялык барьерлерди, товарларды крандар менен жүктөө аянтчаларын куруу, товарларды толук кандуу эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде атайы бажы-логистикалык аймактарды, аэропорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилген», - деп белгиледи премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
 
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев белгилегендей, бажы инфраструктурасын өнүктүрүү планы даярдалган, бажы-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча келишимдерди түзүү жыйынтык баскычта турат жана жакынкы учурда тийиштүү долбоорлор ишке киргизилет.
 
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча кытай тарап менен биринчи этапта «Эркечтам» өткөрүү пунктунда өткөрүлүүчү жүк ташуучу унаалардын санын 30га дейре жана «Торугарт» өткөрүү пунктунда 15 автоунаага дейре жогорулатуу үчүн тийиштүү инфраструктураны даярдоону жыйынтыктоо боюнча консультацияларды тездетүү тапшырылды.
 
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын 2021-2023-жылдары өнүктүрүү боюнча планды даярдоо тапшырылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2