2024-12-24
Түрмөк
ДССУнун эксперттери Кытайдын Ухань шаарына келишти
Маалым болгондой, Япония, Катар, АКШ, Орусия, Германия, Вьетнам, Австралия, Нидерланды, Улуу Британия, Дания өлкөлөрүнүн вирусологдору коронавирустун алгачкы очогу болгон Ухань шаарында аталган илдеттин келип чыгуу себептерин изилдешет.
Буга чейин эксперттик топтун жетекчиси, вирусолог Марион Купманс «СGTN» телеканалына берген маегинде коронавирус инфекциясынын келип чыгуусуна Кытай өлкөсүн бир беткей күнөөлөй берүү туура болбой каларын, мунун түпкү себептерин жеринен иликтөөнү туура көрүп жатышканын билдирген. Топтун Кытайга баруусуна түрткү болгон дагы бир жагдай аталган өлкөдө тоңдурулган жана деңиз азыктарынан вирустун жаңы түрү тарап жатканын кулак кагыш кылганы болгон. Мындан тышкары айрым вирусологдордун тамчылатма дары жана аэрозол ооруну күчөтүп жибериши мүмкүн деген божомолун да текшерип көрүшөт.
Эксперттик топту Ухань аэропортунун сыртынан атайын вирустан коргоочу кийим кийген тез жардам кызматкерлери тосуп алып, 14 күндүк карантинге алып кетишти. Эми алар өз ишин баштоосу үчүн Кытай бийлиги талап кылган 2 жумалык карантинди так сактоого тийиш.
Марал.