2024-12-24
Түрмөк
Президенттикке талапкерлер үгүт иштерине жалпы 105,4 млн сом сарптады
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер үгүт иштерине 31-декабрга карата канча акча сарптагандыгы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 17 талапкер жалпы 105 млн 470 миң 992 сом короткон:
1. Садыр Жапаров - 57 млн 531 миң 126;
2. Канатбек Исаев - 1 млн 348 миң 620;
3. Мыктыбек Арстанбек - 1 млн 115 миң 750;
4. Клара Сооронкулова - 1 млн 50 миң 80;
5. Имамидин Ташов - 4 млн 924 тыс. 600;
6. Абдил Сегизбаев - 4 млн 546 миң 510;
7. Адахан Мадумаров - 2 млн 845 миң 676;
8. Аймен Касенов - 3 млн 758 миң 398;
9. Улукбек Кочкоров - 1 млн 634 миң 383;
10. Жеңишбек Байгуттиев - 2 млн 963 миң 867;
11. Элдар Абакиров - 1 млн 563 миң 636;
12. Курсан Асанов - 2 млн 494 миң 264;
13. Арстанбек Абдылдаев - 2 млн 305 миң 415;
14. Равшан Жээнбеков - 3 млн 143 миң 673;
15. Бактыбек Калмаматов - 1 млн 410 миң 151;
16. Бабыржан Төлбаев - 10 млн 872 миң 523;
17. Каныбек Иманалиев - 1 млн 962 миң 320.