AUCA the best 2

2024-05-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мамытов электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү тез арада киргизүүнү талап кылды

«Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Мамлекеттин эң башкы милдети — жарандарга кызмат көрсөтүү жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияда.

Конференцияга мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты — санариптештирүү жаатындагы милдеттерди жана келечекке болгон пландарды, кечиктирилгис чараларды талкуулоо.

Конференцияны ачкан мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу 2020-жылдын 17-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунда санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугун эске салды.

«Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деп белгиледи Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.

«Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биз дин сөзүбүз кыска болот», — деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет. Ал жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө абдан көңүл бурууну дагы бир жолу талап кылды.

мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор менен бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты — санариптештирүү жаатындагы милдеттерди жана келечекке болгон пландарды, кечиктирилгис чараларды талкуулоо.

Конференцияны ачкан мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу 2020-жылдын 17-декабрында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунда санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугун эске салды.

«Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин аркасынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», — деп белгиледи Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.

«Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биз дин сөзүбүз кыска болот», — деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов белгилегендей, электрондук кызмат көрсөтүүлөр бардык жарандардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет. Ал жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө абдан көңүл бурууну дагы бир жолу талап кылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2