AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Башкы прокуратура мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирүү фактысын аныктады

«Манас» эл аралык аэропорту менен чет элдик компания ортосунда мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендигин Башкы прокуратура аныктады.

Аэропорттун жетекчилиги 2018-2020-жылдар аралыгында 16 сынакка төрт чет элдик компаниянын уюштуруучусу болуп саналган А.Ш. аттуу жаран менен мыйзамсыз келишимдерин түзгөн.

Анын ичинде алардын аффилирленген компаниялары да болуп, алар кымбат баадагы 430 млн. 617 миң 935 сомдук товарларды алып келүүгө катышкан.

Башкы прокуратура кээ бир товарларды сатып алууларды пландаштыруу этабында бааларга мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан, сатып алынуучу товардын бааларын негизсиз жогорулатып коюшканын аныктаган.

А.Ш. аттуу жарандын компанияларынын пайдасына чечимдерди кабыл алуу максатында сынактык документтештирүүдө сатып алуучу тарап товар тапшыруучуларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшкан.

Ошол эле учурда сынактык документтештирүүнүн квалификациялык талаптарына жооп бербеген А.Ш. аттуу жаран жетектеген компаниялардын сынактык негиздеги арыздарын жактырышып, башка товар тапшыруучулар сынактын кийинки этабынан негизсиз четтетишкен.

Түрдүү топторго кирген товарларды бир лотко бириктирүүгө болбогондугуна карабастан, ар түрдүү техникалык жана функционалдык мүнөздөмөдөгү товарларды сатып алуу боюнча сынак лотторго бөлүнбөстөн өткөрүлүп жүргөн. Ал эми, арзан бааны койгон катышуучулардын сынактык арыздарынын коммерциялык сунуштары четке кагылган.

Аэропорттун жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген, жеке кызыкчылыктардын негизинде пайда табуу максатында, сынакты өткөрүү тартибин одоно бузуу менен кымбат баалуу атайын техникаларды жогорулатылган баада сатып алууга келишим түзүшүп, мамлекетке 65 млн. 170 миң 226 сомдук зыян келтирилген.

Башкы прокуратура чогулган материалдар боюнча, коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

Булак: Марал

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2