2024-12-23
Түрмөк
Ташиев: Жогорку Соттун төрайымына кылмыш иши козголду
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында кабарлады.
Ташиевдин маалыматында, Калиева «Жергиликтүү сот» тутумун киргизүү боюнча иштеги кылмышка тиешеси бар.
«Документтерди даярдадык. Жакында тартип комиссиясына тапшырабыз. Эгер комиссия макулодугун берсе, биз аны жоопко тартабыз, башкача айтканда камакка алабыз. Иш аягына чыгарылат”, — деди Ташиев.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева бул кызматка 2018-жылдын сентябрь айында дайындалган.
Булак: Марал