2024-12-23
Түрмөк
Кийинки жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталууда
Кыргызстанда 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда бизнес тармагы оор жоготууларга учурады.
"Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз", - дейт Мусуралиев.
Булак: Кабар