AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Быйыл ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү

2020-жылдын 11 ай ичинде ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгында экономиканын бардык тармагында жоготуулар болгон.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, Кыргызстанда быйыл бир гана айыл чарба тармагында өсүү болду. Анда 0,9 пайызга өсүү катталды. Калган бардык тармакта төмөндөө байкалды: курулуш тармагы 15,9%, соода-сатык 15,6%га түштү. Жалпысынан ишканалардын кирешелери 20 эсе түшүп кетти", - дейт ал.

Сыдыков пандемияга байланыштуу туризм, курулуш, өндүрүш жана башка тармактар чыгымдарга кабылганын айтат.

"Бирок жылдын башында жакшы жыйынтыктар болгон. Ушул жылы эң жогорку деңгээлдеги адамдар менен жолугушуулар болуп өттү. Анын жыйынтыгында ишкерлердин сунуштары эске алынып, өкмөттүн антикризистик пландарына киргизилди. Бизнестин укуктарын коргоого багытталган бир катар чаралар кабыл алынды. Анын ичинде бирдиктүү депозиттик эсеп алынып салынды, эсептөө палатасынын текшерүүлөрүн бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага карабай бизнестин бир катар сунуштары кабыл алынбай калды. Алар базалык салыктан бошотуу: патент, социалдык төлөмдөр, киреше жана кошумча нарк салыгы", - деп белгиледи ал.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору кошумчалагандай, парламенттик шайлоодон кийин пайда болгон саясий кризисте бизнестер көптөгөн чыгымга учураган. Тоо-кенди айта турган болсок, чыгымы 20 млн долларды түзгөн.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2