AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мамытов: Энергетика — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен тармак

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда, энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу энергетиктер!

Сиздерди кесиптик майрамыӊыздар — Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Энергетика өлкөнүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.

Мындан туура бир кылым мурда — 1920-жылдын 22-декабрында, Кыргызстанда алгачкы гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бүгүнкү күнү биздин энергетикалык комплекске өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган ири 7 ГЭС, ири 2 ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана жүздөгөн километр электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет, ал эми 16 миңден ашуун адис алардын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылууда.

Бул жылы энергетиктер коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде медиктер сыяктуу эле саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн жумуш орундарында калып, ишти улантып жатышты.

Энергетикада бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды, бирок ошол эле учурда алдыда олуттуу чечимдерди жана жаӊыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү болуп эсептелет.

Урматтуу тармактын ардагерлери!

Энергетика тармагында күчтүү, эрктүү, өз ишине чын дилинен берилген жогорку деӊгээлдеги адистер гана иштеп келген. Сиздердин талыкпаган эмгегиӊиздердин негизинде энергетика системасы түптөлгөн. Мындан ары да Сиздер өз тажрыйбаӊыздарды жана билимиӊиздерди келечектеги жаш адистерге бересиздер деп тереӊ ишенебиз.

Энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине ак ниет эмгеги үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздер ар бир кыргызстандыктын үйүндөгү жарык жана жылуулук үчүн чоң жоопкерчиликти сезип, кесиптик майрамыӊыздарды жумуш ордуӊуздарда тосуп жатасыздар.

Сиздерге чыӊ ден соолук, бакты-таалай ишиңиздерге ийгилик каалайм!»

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2