AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

“Коопсуздук үчүн бирге” аттуу иш-чара өттү

Бишкек шаарынын ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан экстремизмди алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте “коопсуздук үчүн бирге” аттуу иш-чара өткөрүлүп, шаар тургундарынын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын биргеликте жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

Иш-чараны жүрүшүндө “Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү тууралуу мыйзамынын” талаптарына ылайык, экстремисттик аракет – бул коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга жана ишке ашырууга багытталган аракеттери экстремистик болуп санала тургандыгы да айтылды.

"Анын ичинде конституциялык түзүлүшүн өзгөртүү жана бүтүндүгүн бузуу, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузуу, бийликтин ыйгарым укуктарын тартып же ээлеп алуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүү, террористтик аракеттерди жүзөгө ашыруу, расалык, улуттук, социалдык же диний араздашууларды козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөлөрү боюнча массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоо, уурдоо, талап-тоноо жана социалдык, расалык, улуттук, динге же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемдигин пропагандалоо аракеттери мыйзамды бузгандыгы болуп эсептелет", - деп айтылат Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Бишкек шаардын ички иштер башкы башкармалыгы эскертет: Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жазык-кодексинин 313-беренесине ылайык:

1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же рассалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же начардыгын пропагандалоо, же ачык жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамдарынын жардамы менен жасалса кылмыш иши. (5-жылдан, 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат)

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: Өмүргө жана ден-соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, 7-жыл 6 айдан, 10-жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошондой эле Кылмыш Жазык-кодексинин 315-беренесине ылайык:

1. Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же берип жиберүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, ошого тете экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тарамы аркылуу пайдаланууга 2 жыл 6 айга чейин, эркинен ажыратуу жазасы каралган.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар: Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан чет өлкөлүк коомдук бирикмелер, диний, же болбосо башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган каржылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен жасалган болсо 5-жыдан, 7-жыл 6 айга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын кызматкерлери иш-чарага катышкандардын бардыгына бул багыттын маанилүү экендигин жана жарандардын коопсуздугу үчүн учурда баардык чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилөө менен Бишкек шаарындагы бардык уюмдардын арасында ушундай иштер байма бай жүргүзүлүп жаткандыгын да белгилешти.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2