AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама Бишкекке келди

Бүгүн, 19-декабрда, «Манас» эл аралык аэропортунда спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитети билдирет.

 

Дүйнө кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты. Ошондой эле аэропортто жүздөгөн спорт күйөрмандары чогулушту.

Канатбек Арпачиев салт боюнча Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабековго калпак менен чепкен кийгизип, команданы, машыктыруучуну куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалады.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча жеке Дүйнөлүк кубок 14-16-декабрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өттү.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасынын курамында 4 спортчу башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында күч сынашты. Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

1- орун – Айсулуу Тыныбекова, 62 кг чейинки салмактык категорияда;

1 –орун – Мээрим Жуманазарова, 68 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Айпери Медет кызы, 76 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2