AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мамытов Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, кайрылууда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

2020-жыл бүткүл адамзат үчүн татаал сыноо болду. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы ар бир адамга кыйынчылык алып келип, бөтөн жерде жүргөндөргө өзгөчө оор болду.

Бул дүйнөлүк коркунуч биздин өлкөгө да өзүнүн кесепетин тийгизди. Мындан тышкары Кыргызстанда бир катар саясий, экономикалык жана социалдык мүнөздөгү өзгөрүүлөр болуп жатат.

Бирок эмгекчи мигранттардын проблемалары, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер, диаспоралар менен өз ара аракеттенүү маселелери өлкөнүн жетекчилигинин саясатында артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон кала берет деп сиздерди ишендирип кетем. Биздин алдыбызда Кыргызстанга кайтууну, бизнесин ачып, туулуп-өскөн жеринде жашоону жана иштөөнү каалагандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү милдети турат.

Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо жана коопсуз миграция чараларын иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат. Биргелешкен гуманитардык, экономикалык, социалдык, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында чет өлкөдөгү мекендештер менен тыгыз кызматташууну колдоого багытталган чечимдер кабыл алынат.

Бүгүн мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде биздин мекендештер менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы формалары түзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында Миграция, чет өлкөдөгү мекендештер жана диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлгөн. „Мекеним“ программасын иштеп чыгуу аяктоо алдында турат, анда жеңилдетилген шарттарда мигранттар үчүн Кыргызстанда чакан жана орто бизнести ачуу мүмкүнчүлүгү каралат. Мындан сырткары „Мекен карт“ жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Урматтуу мекендештер!

Өлкөбүз үчүн ушул татаал жылы коронавирус пандемиясы убагында ортодогу узак аралыкка карабай кыргызстандыктар сиздерден колдоо тапты. Сиздердин күч-аракетиңиздер менен Кыргызстанга гуманитардык жана материалдык жардамдар, медициналык жабдуулар, зарыл медикаменттер жөнөтүлдү.

Жалпы элибиз туш болгон кыйынчылыкка кайдыгер карабай, ондогон медицина кызматкерлери волонтер болуп мекенибизге келип элибизге билимин жумшап, мээримин төгүп, кам көрүп, жардамын берди.

Диаспоралар болсо чет өлкөдө жумушу жана турак-жайы жок калган мекендештерибизге кол кабыш кылды.

Сиздер мекенчилдикти жана ынтымакты көрсөттүңүздөр. Сиздердин жан аябаган эмгегиңиздер абдан жогорку баага татыктуу. Берген жардамыңыздар үчүн жалпы Кыргызстан элинин атынан Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем!

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бейпилдик, бакты-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2