2024-12-23
Түрмөк
Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын медаль утту
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.
Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.
Кыргызстандык спортчу 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышууда. Жуманазарова алгачкы кармашуусунда белорусиялык Ханна Садчанканы 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Жуманазарова украиналык Алина Стадник менен кармашкан. Беттеш 6:6 эсебинде аяктап, акыркы упайды Жуманазарова алгандыгы үчүн финалга чыккан.
Финалда мекендешибиз чехиялык Адела Ганзличкованы 8:2 эсебинде жеңип, чемпион аталды.
Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды.
Ал эми Калы Сулайманов 63 кг, Руслан Царев 72 кг жана Айпери Медет кызы 76 кг салмакта коло медалдын ээси болушкан.
Булак: Кабар