AUCA the best 2

2025-10-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Адиль Турдукулов: Конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек

Адиль Турдукулов кызуу талкууга жем таштаган Конституциялык реформа тууралуу өз пикирин "Фейсбук" баракчасынан билдирди. Ал Конституциялык реформага сөзсүз баруу керектигин айткан. Анткени, буга чейинки бийлик башында тургандар "парламентаризм" деп, элди алдап жашап келгенин жазган.

"Чындыгында биз азыр деле парламенттик өлкөдө жашаган жокбуз.

Парламенттик өлкөдө:
- Өкмөт президенттин эмес, парламенттин алдында жооп бериш керек.
- Тышкы саясат аныктоо парламенттин колунда.
- Президент парламент аркылуу шайланат.
- Күч структуралары дагы парламенттин алдында жооп берет.

Бизде андай эмес!

Буга кошумча - Атамбаев, Жээнбеков азыркы өзүнүн көлөкөсүнөн корккон парламентти ого бетер алсыратууда салымы чоң болгон. Мыйзамсыз группаларды түзүүгө жол ачып бир-бирин тирештирип коюшту, депутат-оппонентерине кылмыш иштерин ачтырышты, СДПК, “Биримдик” партиясына жалаң май-баштарды чогултуп, башкаларга кантип партиялык тизме түзүш керектигин “үлгү” катары көрсөтүп беришкен. Ошондуктан азыркы бүт болуп жаткан көйгөйлөргө биринчиден мурунку бийлик жоопкер. Текебаев болсо азыркы ЖКтин легитимдилүүгүн узартууга да салымы чон. Ал эми Отунбаева, Текебаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “парламентаризм” деп элди алдап, анын ордуна башаламан, эч ким элдин алдында жооп бербеген, маңка, коррупциялык система түзүп кетишти.

Ошондуктан биз конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек. Бирок бул демилгени легитимсиз азыркы чимкирик ЖК же эки бутунанан аксаган Президент аппараты баштаганга эч кандай мыйзам жол бербейт", - деп жазат Турдукулов. 

Эң оболу жаны парламентти, президентти шайлагандан кийин, легитимдүү бийлик менен кошок Конституциябызды өзгөрткөнгө жапатырмак киришелик.

Менин сунушум – област, район деп жергиликтүү бийликти экиге бөлбөй, аларды 20 га жакын аймака кошуш керек. Анан аймактагы кенештин укуктарын кеңейтип, аларга аймактын башчысын шайлоого толук укук берилиш керек. Ошол эле учурда республикалык деңгээлде Парламент эки палата болушу абзел. Астынкы палата азыркыдай эле партиялык тизме менен шайланып, бирок азыраак депутаттардын саны менен. Ал эми үстүнкү палата болсо Курултай деп аталып, ротация түрүндө ошол мен айтып жаткан аймактын кеңештин сенаторлордун атынан түзүлүш керек. Ошондо биз маңка, башаламан башкарууда арылып, жергиликтүү кызыкчылыктарын эсепке алууга жол ачабыз. Накта элдик бийликти курабыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2