AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болушат – УКМК

Жакында кыргызстандыктар жалпы жарандык биометрикалык паспорттор менен камсыз болуп, визалык чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Жакынкы аралыкта Кыргызстан ICAO PCD маалымат базасына кошулуп, Кыргызстандын жарандарына башка мамлекеттердин чек араларынан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Буга чейин Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспорт жок болгондуктан АКШ 2020-жылдын 31-январынан тарта кыргызстандыктарга иммиграциялык виза жана грин-карта берүүгө чектөө киргизген”, - деп билдирет УКМК.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын аягына чейин Германиянын "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттун бланктарынын (бир бланк 407 сом) биринчи партиясы алынып келет.

“Кыргызстанда биометрикалык паспортторду киргизүүнү кечиктирилишинин бир себеби Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызмат адамдарынын 2019-жылы өткөрүлгөн тендер учурунда коррупция, жеке кызыкчылык фактылары жана бланк продуктыларын жогорулатылган баада жеткирүү боюнча атайылап байланышты түзүү аракеттери болгон. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчилиги күмөндүү кадыр-баркка ээ болгон компанияга жеңишти берүү жөнүндө чечим кабыл алганын аныкташкан. Эгерде бул келишим түзүлсө, калк үчүн биометрикалык паспорттун баасы 585 сомду түзмөк. Ошол эле учурда келишим боюнча 1,5 млн бланкты жеткирүүдө жалпы айырма 253 миллион сомдон ашык сумманы түзмөк”, - деп айтылат маалыматта.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу 2020-жылдын 4-ноябрында билдиргендей, Кыргызстанда электрондук биометрикалык паспорттун киргизилиши АКШнын кыргызстандыктар үчүн визалык чектөөлөрдү кайра карап чыгуусуна негиз болуп берет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2