AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстанда "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгү башталды

Саламаттык сактоо министрлиги "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгүн өткөрүүдө. Министрликтен билдиришкендей, аталган өнөктүк 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин "Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылды Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялады. Медайымдардын кесипкөй адистери (медайымдар жана фельдшерлер) саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугуна жетишүүгө жана сактоого чоң салым кошушат. Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлинде медайымдардын жана акушерлердин активдүү катышуусусуз коомдук саламаттыкты сактоо мүмкүн эмес. "Медайымга рахмат айт" маалыматык өнөктүгү Кыргызстанда Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат жана өкмөттүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун чыңдоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" программасын жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт”, - деп билдирет министрлик.

Министрликтен белгилешкендей, 2019-2023-жылдарга карата өлкөдө билим берүүнү жана медайымдык ишти өнүктүрүү программасы бекитилген. Учурда саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде бейтаптарга стационарда жана үй шартында квалификациялуу жардам көрсөтө алган медайымдарды даярдоо саналат.

“Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында дарыгерлердин айрым функцияларын медайым адистерине өткөрүп берүү пландаштырылууда. Негизинен, эң көп таралган оорулардын, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугуна жана паллиативдик бейтаптарга кам көрүүгө багытталган функциялар. 2020-жылы өлкөнүн калкына медициналык-профилактикалык жардамды 2 миң 428 акушер, 1 миң 450 фельдшер, 25 миң 597 медайым көрсөтүштү. Алар өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунун кадрлык ресурстарынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2020-жыл жалпы улуттук саламаттыкты сактоо тутуму үчүн дагы, ошондой эле медайымдар үчүн да оор жылдардан болду: алар "кызыл" зоналарда, мобилдик топтордо, баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматында, ошондой эле 118 байланыш борборунда оператор катары иштешти.

“Медайымга рахмат айт” маалыматтык өнөктүгүнүн алкагында жалпы маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамаларды (плакаттар, постерлер, видеороликтер) даярдоо жана жайгаштыруу, медайым кесибинин өкүлдөрүнүн телерадио берүүлөрүнө катышуусу, социалдык тармактарда онлайн иш-чараларды уюштуруу (#МедаймдаргаРахмат #СпасибоМедсестрам хештеги астында) пландаштырылууда. Ошондой эле медайымдардын кесипкөй адистерин сыйлоо аземи уюштурулат.

“Маалымат өнөктүгү медайымдардын кесибинин кеңири таанылышын жана кадыр-баркын жогорулашын шарттап, коомчулукка медициналык кызматтарды көрсөтүүдө медайымдардын жана орто медициналык кызматкерлердин маанилүү ролу жөнүндө кененирээк билүүгө жардам берет”, - билдирет министрлик.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2