AUCA the best 2

2025-10-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Новиков Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту

Москва шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Россия-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагаларынын - КРдин биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусу болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташуу талкууланды.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага кайтып келгенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 2021-жылдын 10-январына дайындалгандыгын маалымдады.

Кыргыз Республикасы буга чейин кол коюлган көп тараптуу эл аралык келишимдердин так аткарылышын, ошондой эле инвесторлордун укуктарын жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик жарандардын коопсуздугун коргоо боюнча бардык милдеттенмелерин аткара тургандыгы баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Россиянын Федералдык салык кызматынын тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстандагы салыктык башкаруу тутумун өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында Кыргыз Республикасына акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду. Көрсөтүлгөн техникалык жардам Кыргызстандын Салык кызматына эки жылдын ичинде салыктарды башкаруунун жаңы ачык-айкын ыкмасына өтүүгө, коррупцияны жоюуга жана өнүккөн санарип технологиялар аркылуу салык төлөөчүлөрдү тейлөө кызматынын моделин толугу менен ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалары бир айдын ичинде өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүнү көлөмүн көбөйтүү боюнча Биргелешкен аракеттердин планын даярдап, кол коюуга макулдашышты.

Кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык туруктуу авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды. Бул маселе өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаал турукташкан учурда каралат.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2