AUCA the best 2

2025-10-31

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров: Инвесторлор менен иш алып барууда бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбеши керек

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Билим булагы» билим берүү комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, билим берүү комплекси «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен жетим балдар үчүн курулган, бирок ар-кыл бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөрүп берүү мүмкүн болгон эмес.

Садыр Жапаров комплексти карап чыгуу менен Билим берүү жана илим министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго обьектти мамлекеттик баланска өткөрүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасын берди.

«Биз инвесторлор үчүн ачык болуп, алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Эгер ар бир мамлекеттик орган алар менен өз деңгээлиндеги диалогду ачык жүргүзсө, инвесторлор Кыргызстанга келет», - деди Жапаров.

Ошондой эле аталган комплекс бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын жана кесиптик билим берүү мекемеси катары колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу сөзүнүн соңунда фонддун өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2