2024-12-22
Түрмөк
Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпайт
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай тургандыгын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында өзү билдирди.
Эскерте кетсек, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асановдор алдыдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз тапшырган.
Ошондой эле, президенттик шайлоого катышарын өкмөт башчы Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев билдирди. Бүгүн Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти.