AUCA the best 2

2025-05-10

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров: Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз

Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна биз ар дайым өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районундагы Көк-Таш – Тамдык жана Ак-Сай – Рават автожолдорунун курулуш менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.


Транспорт жана жолдор министрлигин маалыматы боюнча, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык автожолунун жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Анын 23,5 километри салынып бүттү.

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушун көрүп чыгып, бул каттамдын чектеш аймак үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Жолдун бүткөрүлүшү менен Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа жолу болорун кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров Аксай-Рават жолунун курулушу менен таанышты. Аталган каттам Лейлек районуна, Сүлүктү шаарына, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарына Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү көз карандысыз автоунаа каттамын камсыз кылуу максатында курулууда.

Муну менен катар Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган көпүрөнүн курулушун көрдү.

Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министрге жергиликтүү калк үчүн аталган көпүрөнүн мааниси чоң экенин айтып, анын курулушу 2020-жылдын аягында бүтөрү боюнча маалымат берди.

Садыр Жапаров курулуп жаткан жолдордун сапатына өзгөчө көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Муну менен катар Баткен элинин акыбалы, чек арадагы каармандыгы өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын баса белгиледи.

«Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары – менин көңүл чордонумда дайыма турат. Баткен – Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана 2 мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз», - деди Садыр Жапаров.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2