2024-12-22
Түрмөк
Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам БШКга арыз берди
Төрт адам мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Боршайкомдон билдиришкендей, 31-октябрда КР жараны Нышанов Назарбек Айтбекович президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн, 1961-жылы 20-мартта туулган, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.
Ошондой эле 31-октябрда «Аурдин» компаниясынын директору, 1968-жылы 28-апрелде туулган Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич да президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген.
Андан тышкары, БШКга «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, 1981-жылы 29-сентябрда туулган Чороев Кубан Аманбекович президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн.
Эске сала кетсек, 30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, 1965-жылы 9-мартта туулган Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.