2024-12-22
Түрмөк
Германияда 2-ноябрдан баштап карантин киргизилет
Германиянын канцлери Ангела Меркель 2-ноябрдан декабрь айына чейин өлкөдө карантин киргизилерин маалымдады. Учурда Германияда коронавирус инфекциясы тездик менен көбөйүүдө.
Федералдык жерлердин жетекчилери менен болгон чогулушта пандемияга каршы чара көрүү чечими кабыл алынды. Германиянын бийлиги 2-ноябрдан баштап карантиндик чаралар киргизүүнү жарыялады: театрлар, кино, фитнес-борборлор, сулуулук салондору, мейманканалар жана коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Эки жумадан соң, кырдаалга карап карантин эрежелери жумшартылышы мүмкүн. Билим берүү мекемелери санитардык эрежелерди сактоо менен иштей берет. Ангела Меркель белгилегендей, акыркы жумада коронавирус инфекциясы абдан тез жайылууда.
COVID-19 илдетине байланыштуу Франция дагы чектөөлөрдү киргизүүдө. Евробиримдиктин башка мамлекеттери да карантиндик эрежелерди катаалдаштырууда. Буга байланыштуу Италия жана Испанияда башаламандыктар башталды.