2024-12-22
Түрмөк
Дагы 482 адам коронавирус жуктурду
Сутка ичинде 482 адам коронавирус жуктурса, 127си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 73, Ош шаарында 54, Чүй облусунда 14, Ош облусунда 93, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 125, Баткен облусунда 107 адам илдетке кабылды.
Ал эми акыркы бир күндө Бишкекте 40, Ош шаарында 10, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 41, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 14, Баткен облусунда 11 адам айыкты.
Кыргызстанда коронавирусту жалпы 52 миң 526 адам жуктурса, 45 миң 863ү айыкты. 19-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1 миң 111 адамды түздү.
Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 550, амбулатордук түрдө 2 миң 518 адам дарыланууда.
Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкекте 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик коронавируска кабылды.
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3544 учур катталды, алардын ичинен 3166 медкызматкер айыгып чыкты.