2024-12-22
Түрмөк
Коронавирустан айыккандардын чачы түшө баштады
Коронавирус менен ооруп, айыккандар чачы түшүп жатканын билдиришкен. Бул тууралуу Financial Times басылмасына жарыяланды.
COVID-19 менен ооруган адам көпкө чейин анын кесепетин сезбеши мүмкүн. Окумуштуулар бул илдетти али толук изилдеп бүтө элек. Окумуштуулар муну “көпкө созулган коронавирус” деп атап жатышат. Мында баш мээ, өпкө, боор жана башка органдар жабыркайт. Айрымдар жыт алуусун толук бойдон жоготуп алышкан.
Буга чейин РИА SM-News коронавирус менен ооруп айыккандар психологиялык ооруларга да чалдыкканын жазган. Мисалы, шизофрения же мээ бөлүктөрүнүн атрофиясы.