AUCA the best 2

2024-12-22

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Евробиримдик президент Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз легитимдүү институт деп тааныйт

Евробиримдик Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана мыйзамдуу институт катары тааныйт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Евробиримдик анын лидерлигине таянат жана Кыргызстандагы туруктуулук тынчтык диалогунун жардамы менен ишке ашат деп ишенет. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жолдонгон Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррелдин кайрылуусунда айтылат.

Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары өз кайрылуусунда Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасы менен Евробримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Евробиримдик ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашууну илгерилетүүгө кошкон эбегейсиз зор салымын белгиледи.

"Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Евробиримдик өлкөнүн Президентинде учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жетиштүү сандагы күчтөр жана механизмдер бар деп эсептейт. Евробиримдик бардык саясий күчтөрдүн, күчтүү жарандык коомдун жана жаштардын колдоосу менен Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү кризистен алып чыга алат деген үмүтүн билдирет.

Мындан сырткары, Евробиримдик жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга, анын ичинде Кыргызстандагы парламенттик шайлоону кайтадан өткөрүүгө даярдыгын билдирди. Буга чейин, Евробиримдик пандемияга байланыштуу да Кыргызстанга жардам көрсөткөн.

Булак: kabar.kg

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2